МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Кара-Суу районунда 275 орундуу жаңыдан курулган мектепти ачты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ош облусуна жана Ош шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр айыл аймагында жаңыдан курулган 275 орундуу “Октябрдын 70 жылдыгы” атындагы орто мектебин ачты.

1-сентябрь – Билим күнү менен куттуктаган МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров республика боюнча ушул күнү 150 миңден ашуун жаш жеткинчектер биринчи ирет мектеп босогосун аттап жатканын билдирди.

“Мектеп – бул өлкө келечегинин символу, себеби инсандын калыптанышы мектептеги курагына туш келет, жалпы билим берүү мекемеси ар бир окуучу үчүн экинчи үйү катары саналат. Балдардын сапаттуу билим алышы үчүн бардык шарттарды түзүүбүз зарыл. Жаңы мектеп жаш муундун келечеги үчүн мыкты негиз болуп, республиканын өнүгүүсүнө өз салымын кошо турган мыкты коомдук жана мамлекеттик ишмерлердин ордосу болот деп ишенем”, – деди МинКаб Төрагасы.

Жаңы салынган орто мектеп менен таанышып чыккан Акылбек Жапаров мамлекет билим берүү тармагына жылдан-жылга өзгөчө көңүл буруп жатканын кошумчалады.

“Бул тармактын маанилүүлүгүн эске алып бюджетин жыл сайын көбөйтүп берүүдөбүз. Билим берүү тармагын каржылоо 2023-жылы 60,9 миллиард сомду түздү. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 23 млрд сомго көп. Мындан тышкары, чыгаша статьяларынын эсебинен билим берүү тармагына республикалык бюджеттен социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө дагы каражаттар бөлүнүп келүүдө. Биз быйыл 204 мектептин курулушун баштасак, анын 100зү быйыл жылдын аягына чейин бүтөт. Биринчи сентябрга карата биз 36 мектепти бүтүрдүк”, – деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, 2 кабаттуу 275 орундуу “Октябрдын 70 жылдыгы” атындагы орто мектебин курууга 90 млн сом жумшалды.

Связанный пост