МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусундагы суу маселесин чечүүгө байланышкан жыйын өткөрдү

 МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусундагы суу маселесин чечүүгө байланышкан жыйын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри жана тиешелүү кызматкерлердин катышуусунда Чүй облусундагы сугат суу маселесин чечүүгө байланышкан жыйын өткөрдү.

Отурумда Чүй облусунун аймагына суу кампаларды куруу маселеси каралды. Атап айтканда, суткалык жөнгө салуу бассейндерин (БСР) жана декадалык жөнгө салуу бассейндерин (БДР) кыска убакыттын ичинде куруу.

Маалым болгондой Чүй облусунун аймагындагы бир катар дарыялардын агымына чакан суу сактагычтар курулат. Бул багытта Министрлер Кабинети жакын арада ири каражат бөлөөрү күтүлүүдө.

Адистердин белгилөөсүндө маселен сегиз райондон турган Чүй облусунда кайрак жана сугат жеринин жалпы аянты 417,0 миң гектарды түзөт. Анын ичинен сугат жери деп эсептелген 323,3 миң гектардын 30%на агын сууну жеткирүүдө маселе жаралууда.

Жыйындын соңунда МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров дыйкандарды толук кандуу сугат суу менен камсыз кылуу үчүн ирригация маселелерин чечүүгө байланышкан тиешелүү тапшырмаларды берди.

Связанный пост