МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелер боюнча жыйын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров өлкөдөгү билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелер боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө билим берүү тармагын реформалоонун, анын ичинде мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүнүн негизги багыттары талкууланды.

МинКаб Башчысы коомдо нааразылык жараткан борбор калаадагы №1 интернат-гимназияда болуп өткөн окуяларды катуу сынга алып, мектеп окуучуларын чыр-чатактарга тартууга жана колдонууга жол берилбестигин белгиледи.

Жыйынга МинКаб Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров жана Президенттик Администрациянын кызматкерлери катышты.
Жыйындын соңунда Акылбек Жапаров бир катар тапшырмаларды берди.

Связанный пост