Минкаб медкамсыздандыруу системасын өркүндөтүү жөнүндө токтом кабыл алды

Министрлер кабинети медициналык камсыздандыруу системасын өркүндөтүү жөнүндө токтом кабыл алды.
Документ медициналык камсыздандыруу системасын өркүндөтүү, Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын финансылык туруктуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынды. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Токтом менен Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетин түзүү, кароо, бекитүү жана аткаруу тартиби жөнүндө жобо; Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун камсыздандыруу запасын түзүү жана пайдалануу тартиби; Саламаттык сактоону колдоого жана өнүктүрүүгө каражаттарды түзүү жана пайдалануу тартиби бекитилди.