Минкаб Кылмыштардын бирдиктүү реестри жөнүндө жобону бекитүү тууралуу токтом кабыл алды

Министрлер кабинети Кылмыштардын бирдиктүү реестри жөнүндө жобону тиркемеге ылайык бекитүү тууралуу токтом кабыл алды.
Токтом кылмыштарды эсепке алуунун мамлекеттик системасынын иштешин, кылмыштуулуктун абалы жөнүндө маалыматтарга мамлекеттик статистикалык байкоо жүргүзүү формаларында бир түрдүүлүктү жана толук чагылдырууну камсыз кылуу, ошондой эле кылмыштарды мамлекеттик каттоонун жана эсепке алуунун бирдиктүү принциптерин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
Белгилей кетсек, КР өкмөтүнүн 2018-жылы 21-декабрдагы №602 токтому менен “Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри жөнүндө Убактылуу жобо” бекитилип, ал бүгүнкү күнгө карата актуалдуулугун жоготкондугуна карабастан иштеп келген.
Ал эми 2021-жылы КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин жаңы редакциясынын кабыл алынышы менен сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү тартиби олуттуу өзгөрүп, жаңы жобону иштеп чыгуу зарылчылыгы бар болчу.