МинКаб кан же анын компоненттеринин донорлоруна берилген акчалай компенсация төлөөнүн эсептик көрсөткүчтөрүн жогорулатты

 МинКаб кан же анын компоненттеринин донорлоруна берилген акчалай компенсация төлөөнүн эсептик көрсөткүчтөрүн жогорулатты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети “Кан же анын компоненттеринин донорлоруна акчалай компенсацияларын берүү жөнүндө” токтомду кабыл алды.

Токтомго ылайык кан же анын компоненттерин тапшырган донорлорго акчалай компенсация төлөөнүн эсептик көрсөткүчтөрүн Жогорулатуусу каралган.

Токтомдун максаты донорлукту өнүктүрүү, калкка медициналык кызмат көрсөтүүнү өркүндөтүү жана стационардык оорулууларды дарылоо үчүн канды, анын компоненттерин жана препараттарын алуунун бирден-бир булагы болуп саналган донорлордун ден соолугун колдоо болуп саналат. Технологиялык өзгөрүүлөргө жана топтолгон илимий билимдерге карабастан, донордук кан жана анын компоненттери ар бир мамлекеттин дээрлик алмаштырылгыс улуттук ресурстары бойдон калууда.

Кан жана анын компоненттерин тапшыруу үчүн акчалай төлөмдөрдүн көбөйүшү көбүрөөк донорлорду тартууга мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда акчалай компенсация донорлукка түрткү берүүнүн маанилүү формаларынын бири болуп саналат.

Кан же анын компоненттеринин донорлоруна берилген акчалай компенсация төлөөнүн эсептик көрсөткүчтөрү туурасында бул шилтемеден толук таанышсаңыз болот.

Связанный пост