МинКаб бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобону бекитти

 МинКаб бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобону бекитти

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бюджеттик кредиттер менен иштөө тартиби жөнүндө жобону бекитти.

Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Бул жобо туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу, экономика тармактарын колдоо жана өнүктүрүү, жашоону камсыз кылуучу инфраструктураны жана коммуналдык системаларды жакшыртуу, ошондой эле улуттук, энергетикалык, экономикалык жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бюджеттик кредит берүү түрүндө мамлекеттик колдоо көрсөтүү зарылчылыгына байланыштуу иштелип чыккан.

Токтомдун толук тексти менен шилтеме аркылуу таанышууга болот.

Связанный пост