МинКаб башчысы окуучуларды бир мектептен экинчи мектепке которуунун электрондук механизмин иштеп чыгууну тапшырды
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев мамлекеттик органдардын жетекчилери жана Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен кезектеги аппараттык кеңешме өткөрдү, анда билим берүү жана туризм тармактарына инновациялык санариптик механизмдерди киргизүү маселелери каралды.
Күн тартибинин алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы окуучуларды бир мектептен экинчи мектепке которуунун электрондук механизмин киргизүү боюнча демилгени талкууга койду.
Берилген маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө өлкөдөгү 2170 мамлекеттик жана муниципалдык мектепте 1,5 миллиондон ашык бала билим алат. Бирок окуучуну бир окуу жайдан экинчисине которуу процесси дагы деле кол жазма режиминде жүргүзүлүп, бул коррупциялык тобокелдиктерге жана мектептерге бирдей эмес жүк түшүүсүнө шарт түзөт.
«Биз ата-энелер көнүп калган биринчи класска электрондук каттоодон ийгиликтүү өттүк. Эми которуулар менен да ушундай тартипти орнотууга убакыт келди. Система класстарда бош орундардын бар экендигин автоматтык түрдө көрсөтүп, чечим кабыл алууда адам факторун жокко чыгарышы керек. Бул мектептин администрациясынын жүгүн жеңилдетип, процессти ар бир ата-эне үчүн түшүнүктүү кылат», — деп баса белгиледи Адылбек Касымалиев.
Талкуунун жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин башчысы Билим берүү министрлигине кыска мөөнөттө жалпы билим берүү уюмдарынын ортосунда окуучуларды которуунун электрондук системасын иштеп чыгууну жана ишке киргизүүнү тапшырды.
Талкууга коюлган экинчи маселе болуп бирдиктүү «Санариптик туристтик платформаны» түзүү маселеси болду.
Министрлер кабинетинин башчысы тармактагы системалуу көйгөйлөрдү белгиледи: кызмат көрсөтүүлөрдүн бытырандылыгы (визалар, логистика, камсыздандыруу) жана туристтик процессти башкаруунун бирдиктүү координациялык борборунун жоктугу.
«Турист ар бир кадамда бюрократияга жана тилдик тоскоолдуктарга туш болбошу керек. Бизге мамлекеттик кызматтарды, бизнес-сервистерди жана төлөм инструменттерин бир терезеде бириктирген платформа керек — өлкөгө киргенден чыкканга чейин», — деп белгиледи Министрлер Кабинетинин Төрагасы.
Долбоорду ишке ашыруунун алкагында МинКаб башчысы Туризм департаментине, санариптик өнүктүрүү жана финансы министрликтерине «Түндүк» ААКсы менен биргеликте кыска мөөнөттө бирдиктүү санариптик туристтик платформаны түзүү боюнча талаптарды, каржылоону жана техникалык ишке ашырууну камсыз кылууну тапшырды.