Минкаб башчысы кытайлык CNEEC компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту

 Минкаб башчысы кытайлык CNEEC компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту

Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров кытайлык China National Electric Engineering (CNEEC) компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө энергетикалык долбоорлорду, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууда кызматташуу маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, CNEEC өкүлдөрү экологиялык маселелер жана ресурстарды натыйжалуу пайдалануу боюнча негизги министрликтер менен консультацияларды өткөрүштү.

Связанный пост