МинКаб башчысы Дубайда Өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитинин ачылышына катышты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы –Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Дубайга (Бириккен Араб Эмираттары) жумушчу сапарынын алкагында Дүйнөлүк Өкмөт Саммитинин ачылышына катышты.
Белгилей кетсек, МинКаб башчысы саммиттин алкагында “Түптөлүп келе жаткан глобалдык таасир” форумунун ачылышында сөз сүйлөйт. Ошондой эле бир катар эки тараптуу жолугушуулар пландалууда.
2025-жылы өтүүчү Дүйнөлүк Өкмөт Саммити “Келечектин өкмөттөрүн калыптандыруу” темасына арналат. Иш-чарага 100дөн ашык өкмөттүк делегациялар, 80ден ашык эл аралык уюмдар жана алдыңкы дүйнөлүк эксперттер катышууда. Саммиттин максаты – эл аралык кызматташтыкты чыңдоо жана актуалдуу глобалдык көйгөйлөрдүн натыйжалуу жолдорун табуу.