МинКаб башчысы Бишкектеги бир катар соцобъектилердин курулушунун жүрүшүн текшерди
Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» медиадолбоорунун алкагында Бишкек шаарындагы бир катар социалдык объектилердин курулушунун жүрүшүн текшерди.
Министрлер кабинетинин башчысы № 23 орто мектеби үчүн жаңы имараттын курулушунун жүрүшү менен таанышты. 700 орунга ылайыкташтырылган мектептин үч кабаттуу имаратында окуу кабинеттери, медициналык блок, китепкана жана окуу залы, ашкана жана тамактануу залы, административдик бөлмөлөр, лабораториялар (химия, физика, биология), компьютердик класстар, кошумча билим берүү кабинеттери, актовый зал, спорттук зал, ийримдер жана чыгармачылык өнөрканалар үчүн бөлмөлөр, кошумча окуу кабинеттери, көмөкчү жана чарбалык бөлмөлөр каралган.
Аймакта спорттук жана оюн аянтчалары: мини-футбол аянтчасы, баскетбол-волейбол аянтчасы, воркаут-зонасы жана балдар ойноо аянтчасы бар. Андан ары Адылбек Касымалиев К.Кожомкул атындагы Спорт сарайын реконструкциялоонун жүрүшүн текшерди.
Реконструкция эки этап менен жүргүзүлөт: биринчи этап – бассейнди реконструкциялоо (2026-жыл); экинчи этап – ден соолукту чыңдоо борборун жана концерттик залды капиталдык оңдоо (2026–2027-жылдар). Бүгүнкү күндө жаңы бассейндин курулушу боюнча иштер жүрүп жатат.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Министрлер кабинетинин башчысы тиешелүү мамлекеттик органдарга белгиленген мөөнөттөрдүн жана сапат стандарттарынын сакталышын өзгөчө көзөмөлгө алып, курулуш иштеринин өз убагында жана сапаттуу аякташын камсыз кылууну тапшырды.
Белгилей кетсек, медиадолбоордун алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевди жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү коштоп жүрдү. Социалдык жана инфраструктуралык объектилерге баргандан кийин ал журналисттердин суроолоруна жооп берди.