Минкаб башчысы Акылбек Жапаров: Өлкө күчтүү болсо, өкмөт күчтүү болот

 Минкаб башчысы Акылбек Жапаров: Өлкө күчтүү болсо, өкмөт күчтүү болот

Өлкө күчтүү болсо, өкмөт күчтүү болот. Өткөн жылы өлкөнүн Президенти баш болгон Министрлер Кабинети бюджеттик чөйрөдө иштегендердин айлык акысын көтөргөн. Бул кандайдыр бир үлгү болуп калды – быйылкы жылы айлыкты бизнес көтөрүүдө. Ошентип, баарыбыз биргеликте өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошуудабыз. Бул тууралуу 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин жыйынынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров билдирди.

 

Министрлер Кабинетинин башчысы экономиканын өсүү темпи 3,9%ды түзгөнүн белгиледи.

 

“2022-жылы башталган салык реформасы өзүнүн алгачкы жыйынтыктарын берип жатат: салыктардын дем берүүчү жана фискалдык ролунун ортосундагы оптималдуу катышына жетишип баратабыз. Салык системасы туруктуу жана ачык-айкын болуп, мыйзамга баш ийген салык төлөөчүлөр үчүн салыктын жүгү азайды. Биз салыктарды төлөө пайдалуу жана престиждүү – деген трендди койдук. Салык жана бажы операцияларын башкарууну жана фискалдаштырууну жакшыртуунун аркасында республикалык бюджет профицит менен аткарылды – 2,34 млрд сом суммасында. 2022-жылдын 6 айлык көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу салыктык кирешелердин көлөмү 27,1%га же 25,2 млрд сомго көбөйгөн. Такталган план 2 млрд сомго ашыкча аткарылды”, – деди Акылбек Жапаров.

 

Ал ошондой эле, Мамлекеттик бажы кызматынын ишин да белгиледи. “Бажы кызматы 2023-жылдын 1-жарым жылдыгында 48,8 млрд сомду чогултуп коюшту, же 153,8%га аткарышты. “Белое солнце пустыни» деген кинодогу «Таможня дает добро», «Ты знаешь – я мзду не беру. Мне за Державу обидно» деген Павел Верещагиндин позициясындагы кызматкерлердин мамлекет үчүн патриоттуулугу пайда болду деп ойлойм”,- деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Связанный пост