МинКаб башчысы 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык боюнча кеңешме өткөрдү

Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Экономика тармактарын жана калкты 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жана аткарылган иштер жөнүндө кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеде суу энергетикалык абал, энергетикалык ишканаларды кышка даярдоо жана керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз энергия менен камсыздоо боюнча аткарылып жаткан иштер боюнча маселе каралды. Маалым болгондой электр энергиясын керектөөсү өсүп жаткандыктан, ага кошумча жай айы кургакчыл болгондуктан, 2025-жылдын 1-октябрына карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,6 млрд м³ аз.

“Бүгүн өлкөнүн ички дүң продукциясы 8 айдын жыйынтыгы менен 1 трлндон ашты, өсүү темпи 11,1%ды түздү. Ошол эле учурда консолидацияланган бюджеттин жылдык көрсөткүчү 8 айдын жыйынтыгы менен толук аткарылды. Жылдын жыйынтыгы менен ал дагы трлндук көрсөткүчтү басат. Мына ушундай өнүгүүлөрдө электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо – башкы милдеттерибиз. Энергетикада стратегиялык долбоорлорду баштадык, ошол эле учурда күнүмдүк жана тынымсыз көзөмөлдү  талап кылган маселелер да бар”-деди Адылбек Касымалиев.

Ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасы өлкө боюнча бардык ГЭСтердин абалы жана кышка карата даярдыктары туурасында маалыматтарды угуп, быйыл Токтогул ГЭСинин реконструкциясы толук аяктап, 4 гидроагрегат алмашып, кошумча 240 МВт кубаттуулук кошулганын, эми жалпысынан Токтогул ГЭСинин жалпы кубаттуулугу 1440 МВтты түзөөрүн кошумчалады. Бирок ошентсе да, Камбар-Ата ГЭС-1 сыяктуу ири энергетикалык долбоор ишке киришкиче, электр энергиясын үнөмдөө зарылчылыгы белгиленди.  Ал бардык министрликтерди жана башка мамлекеттик органдарды, жергиликтүү бийлик органдарын жана жалпы калкты электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды.

Связанный пост