Минкаб 2025–2030-жылдарга иммундук профилактика программасын бекитти

 Минкаб 2025–2030-жылдарга иммундук профилактика программасын бекитти

Министрлер кабинети «2025–2030-жылдарга иммундук профилактика» программасын бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды.

Бул токтомдун максаты жана милдети жугуштуу оорулардын алдын алууга, таралышын чектөөгө жана  жоюуга  багытталган Иммунопрофилактика чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты камсыз кылуу бөлүгүндө “Калктын саламатыгын сактоо жөнүндө” КР мыйзамынын ишке ашырылышы болуп саналат.

Программада эмдөө менен башкарылуучу инфекциялар боюнча учурдагы кырдаалды жалпы баалоо, эмдөө менен камтуудагы жетишкендиктер жана көйгөйлөр боюнча маалыматтар, программанын стратегиялык багыттары жаңыртылды жана негизги милдеттерди, иш-чараларды баяндоо менен артыкчылыктуу стратегиялык багыттарга жана учурдагы стратегиялык багыттарга бөлүндү.

Токтомго ылайык Саламаттык сактоо министрлиги ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча отчёттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен КР президентинин администрациясына иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берип турууга милдеттүү. Ал эми токтомду ишке ашыруу тийиштүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте тартылган министрликтер жана ведомстволор үчүн каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленген.

Связанный пост