Министрлик: 2-класстар үчүн 345 миң даана окуу китеби басылып чыкты
Кыргызстанда 2-класстар үчүн окуу китептери басылып чыкты.
Агартуу министрлигинен билдиришкендей, министрликтин өкүлдөрү “Учкун” ачык акционердик коомунун басмаканасында 2-класстар үчүн басылып чыккан “Табигый илимдер” окуу-методикалык комплекстерин кабыл алышты.
Бул окуу-методикалык комплекстер окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн мектептердин 2-класстары үчүн жалпы 344 660 нускада басылып чыкты.
“Табигый илимдер” окуу китептерин басып чыгарууга 73 271 150 сом каражат жумшалды.