Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров “ЦзыЦзинь” корпорациясынын өкүлдөрү менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кытай Эл Республикасынын “ЦзыЦзинь” корпорациясынын өкүлдөрү менен жолукту.

 

Жолугушууда тараптар тоо-кен тармагындагы эки тараптуу кызматташуулар тууралуу актуалдуу маселелерди талкуулашты.

 

Өз кезегинде “ЦзыЦзинь” корпорациясынын өкүлдөрү Министрлер Кабинетине “Алтынкен” ЖЧКсынын инвестициялык долбоорун ишке ашырууда туруктуу колдоосу жана жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын тоо-кен тармагындагы башка инвестициялык долбоорлоруна катышууга кызыкдарлыгын кошумчалашты.

 

Белгилей кетсек, “Алтынкен” ЖЧКсынын капиталынын 40% – “Кыргызалтын” ААКсына, 60% – “ЦзыЦзинь” корпорациясына тиешелүү.

 

Маалымат үчүн: “Алтынкен” ЖЧКсы геологиялык чалгындоо, кен казуу, пайдалуу кендерди байытуу жана эритүү, кайра иштетүү жана даяр продукцияны сатуу менен алектенген биргелешкен кыргыз-кытай ишкана.

Связанный пост