Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйыны болду

 Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйыны болду

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынын өткөрдү.

Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү өнөр жай, тоо-кен, курулуш жана жерлерди трансформациялоо тармактарына тиешелүү 10дон ашык маселени карашты.
Тактап айтканда, “Кыргызалтын” ачык акционердик коому тарабынан өндүрүлгөн 1 граммдан 1 килограммга чейинки тазаланган өлчөнгөн куймаларды сатууга байланышкан маселелерди чечүү чечими кабыл алынды. Документте “Кыргызалтын” ААКы 1 граммдан 1 килограммга чейинки аффинаждалган өлчөнгөн куймаларды жеке жана юридикалык жактарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Улуттук банк аффинаждалган баалуу металлдарды сатып алууга артыкчылык укугунан баш тарткан учурда гана сатууга укуктуу экени белгиленген.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Стандарт Фарм Групп» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы фармацевтикалык каражаттарды таңгактоо жана фармацевтика комплексин куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча инвестициялык макулдашууну Министрлер Кабинети жактырды. Инвестициялык долбоор 5 жылдын ичинде эки этап менен ишке ашырылат. Эки этапта инвестициянын жалпы болжолдуу көлөмү 41 миллион 200 миң АКШ долларын түзөт.

Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын Кеңеш айылынын аймагында жайгашкан жер тилкелерин индустриалдык-логистикалык борбор куруу максатында берүү (трансформациялоо) чечими кабыл алынды.

Кубаттуулугу 200 МВт болгон күн электр станциясын куруу максатында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарында жайгашкан жер тилкесин которуу (трансформациялоо) чечими кабыл алынган.

Ошондой эле, Талас облусунун Талас районундагы Шумкар-Уя жана Чоң-Алыш айыл аймактарынын аймагына ГЭС куруу максатында аталган аймакта жайгашкан жерлерди трансформациялоо чечими кабыл алынган. ГЭСтин кубаттуулугу 28 МВтка чейин жетет.

Мындан тышкары социалдык-экономикалык объектилерди, ошондой эле турак жай объектилерин куруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө чечим бекитилди. Бул токтомдун максаты жана милдети Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, спорттук, транспорттук жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүү, ошондой эле калктын жашоосу жана ишмердүүлүгү үчүн ыңгайлуу мейкиндик чөйрөсүн түзүү болуп саналат.

Жыйында ошондой эле салык салуу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жаатындагы чечимдердин пакетинин концепциясы жактырылды. Документ импортко шарттуу КНСти колдонууну тактоо, таза салык салуу жана киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөдө орточо айлык эмгек акыга карата талаптарды жеңилдетүү, мыйзамдардагы боштуктарды жоюу максатында иштелип чыккан.

Связанный пост