Министрлер Кабинетине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссия түзүлдү

 Министрлер Кабинетине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссия түзүлдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссия түзүлдү. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документ “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин талаптарын ишке ашыруу максатында иштелип чыкты.

Тескеме менен Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссия жөнүндө жобо жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча региондук комиссия жөнүндө типтүү жобо бекитилди.

Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча) аткаруу бийлигинин аймактык органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ишин координациялоо боюнча ишти жогоруда аталган Типтүү жобонун ченемдерине ылайык уюштурат.

Связанный пост