Министрлер кабинети жалпы билим берүү уюмунун типтүү уставын бекитти

 Министрлер кабинети жалпы билим берүү уюмунун типтүү уставын бекитти

Министрлер кабинети Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмунун типтүү уставын тиркемеге ылайык бекитти. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Токтомго ылайык, Билим берүү жана илим министрлиги эки айлык мөөнөттө жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте мамлекеттик жана муниципалдык менчик формаларындагы жалпы билим берүү уюмдарынын уставдарын кайра бекитүү иштерин жүргүзөт.

Белгилей кетсек КР “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын уставы министрлер кабинети бекиткен типтүү уставдын негизинде иштелип чыгат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2023-2024-окуу жылында өлкөдө 2377 жалпы билим берүү уюму иш алып барган.

Связанный пост