Министрлер Кабинети перспективдүү инвестициялык долбоорлордун тизмесин бекитти
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынында перспективдүү инвестициялык долбоорлордун тизмеси бекитилди.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Азамат Кадыралиев белгилегендей, бул тизмеге энергетика тармагындагы 6 долбоор, туруктуу шаарларды жана айылдарды түзүү боюнча 9 долбоор, өнөр жайдын потенциалын күчөтүү үчүн 3 долбоор, транспорт жана логистика багытында 11 долбоор, туризм багытында 3 долбоор, кен байлыктарды өздөштүрүү боюнча 2 долбоор, ирригация багытында 10 долбоор кирет. Бул тизме мындан ары дагы башка маанилүү долбоорлор менен толукталмакчы.
Перспективдүү инвестициялык долбоорлордун катарына “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун, Камбар-Ата ГЭС-1 курулушу жана Камбар-Ата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү, “Асман” шаарын куруу, регионалдык жолдорду куруу жана аэропорттордун инфраструктурасын жакшыртуу кирет, анын ичинде “ар бир айылга чейин жолдор асфальттанат” деген Президенттин тапшырмасы аткарылат, Бедел ашуусу аркылуу трансчегаралык эл аралык автожолду куруу, Куланак жана Казарман ГЭСтери, “Кыргыз Куршевели” туристтик комплексин куруу жана башка масштабдуу тоо кен кластерлери жана ирригациялык долбоорлору бар.