Министрлер кабинети мезгилдик жумуштардын тизмесин бекитти
Министрлер кабинети мезгилдик жумуштардын тизмесин бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды.
Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Мезгилдик жумуштардын тизмесине:
- айыл чарба жумуштары;
- кант кызылчасынан кумшекер чыгаруу менен түздөн-түз байланышкан иштер;
- мал көп союлган мезгилде этти кайра иштетүү менен байланышкан иштер;
- мөмө-жемиштер, жер-жемиштер жана жашылчалар тегиз бышкан мезгилде аларды жыйноо жана кайра иштетүү менен байланышкан иштер;
- жылытуу системаларын, анын ичинде мештерди, казандарды жана башка түзүлүштөрдү тейлөө менен байланышкан иштер;
- өсүмдүктөргө, газондорго кам көрүү боюнча иштер жана өсүмдүктөрдүн өсүшүн жана аймактын эстетикасын колдоо менен байланышкан башка иштер;
- коноктордун кийимдерин жана жеке буюмдарын кабыл алуу, сактоо жана берүү менен байланышкан иштер;
- өсүмдүктөрдү сугаруу, сугат системаларын орнотуу жана тейлөө, кыртыштын нымдуулугун контролдоо жана жабдууларды тейлөө боюнча иштер;
- токой чарбасындагы иштер;
- геологиялык чалгындоо жана ага байланыштуу иштер;
- геологиялык тармакта, тоо-кен өнөр жайында жана өндүрүштүн башка тармактарында тоо-кен, бургулоо жана маркшейдердик иштер кирет.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.