Министрлер кабинети: 2024-жылдын 11 айында ИДП 9% өстү

“Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүүнү көрсөтүп жатат, бул Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында Өкмөттүн ишинин натыйжасы. 2024-жылдын 11 айында биз өнүгүү темпин сактап гана тим болбостон, аны тездетип, макроэкономикалык туруктуулукту чыңдап, келечектеги өсүш үчүн бекем пайдубал түздүк” – деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров 2024-жылдын январь-ноябрь айларындагы Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын чыгарган Президенттик Администрациянын жыйынында.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматы боюнча 2024-жылдын январь-ноябрь айларында ички дүң продуктунун (ИДП) көлөмү 1 225 950,6 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 109%ды түздү (2023-жылдын январь-ноябрында – 104,4 %). “Кумтөр” кенин иштетүүчү ишканаларды эсепке албаганда ИДПнын көлөмү 1 159 813,7 млрд сомду түзүп, өсүү темпи 110,3%ды түздү.

Туруктуу өсүш баарыдан мурда өнөр жай жана айыл чарба өндүрүшүн бир кыйла көбөйтүү менен шартталган. Экспорттун жана инвестициянын өсүшү да процесске салым кошууда.

Экономиканын тармактары төмөндөгү көрсөткүчтөрдө:

•Өнөр жай продукциясынын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) жалпы көлөмү 513 346,9 млн сомду түзүп, өсүү темпи 104,8 %ды түздү (Кумтөрдү эсепке албаганда – 331 258,4, өсүү темпи 113,0);

•Айыл, токой жана балык чарбасынын дүң продукциясы – 369 613,3 млн сом, өсүү темпи – 106,2%;

•Курулуштагы дүң продукция – 219 020,3 млн сом, өсүү темпи – 132,6%;

•Негизги капиталга инвестициялар (капиталдык салымдар) – 214 537,6 млн сом, өсүү темпи – 147,3%;

•Дүң жана чекене сооданын, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоонун жалпы көлөмү – 1 422 399,5 млн сом, өсүү темпи – 118,5;

•Кызматкерлердин орточо айлык акысы – 36 002 сом, өсүү темпи 112%;

• Тышкы жана өз ара сооданын көлөмү – 13 443,4 млн АКШ долларды түзүп, өсүү темпи 106,4%ды түздү;

• Импорт – 10 310 млн АКШ долларды, өсүү темпи – 101,8%;

• Экспорт – 3 123,4 млн АКШ доллар, өсүү темпи – 125,2%.

“Бүгүнкү күндө биздин негизги милдетибиз – экономиканын реалдуу секторунун салымын күчөтүү, чет элдик инвестицияларды тартууну улантуу жана алардын стратегиялык маанилүү тармактарга ийгиликтүү интеграциясын камсыз кылуу. Биз 2025-жыл биздин амбициялуу максаттарыбызга жетүүдөгү дагы ийгиликтүү этап болоруна бекем ишенебиз.  Кыргызстан алдыга жылып, кыйынчылыктарды ишенимдүү жеңип, туруктуу жана инклюзивдүү экономикалык өсүш үчүн шарттарды түзүп жатат”, – деп сөзүн жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Связанный пост