Министрлер Кабинети өлкөнүн улуттук символу – ак илбирстин логотибин жана колдонуу тартибин бекитти

 Министрлер Кабинети өлкөнүн улуттук символу – ак илбирстин логотибин жана колдонуу тартибин бекитти

Министрлер Кабинети ак илбирсти өлкөнүн улуттук символу деп таануу жөнүндө токтом кабыл алды. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон документте ак илбирстин расмий логотибин кабыл алуу жана аны колдонуу тартиби да каралган.

Белгилей кетсек, бул чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 369 «Ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Кыргызстандын жаратылыш жана маданий мурастарын чагылдырган символдорду сактоо, коргоо жана популяризациялоо максатында кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине ак илбирстердин популяциясын жана алардын жашоо чөйрөсүн сактоо боюнча иш-чаралардын планын бекитүү тапшырылды. Бардык мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, уюмдарга жана мекемелерге, менчигинин түрүнө карабастан, бул токтомду жетекчиликке алуу жазылды. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Связанный пост