Михаил Кавелашвили Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Грузиянын Президенти Михаил Кавелашвили Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
“Бул сиздин өлкөнүн тарыхындагы өзгөчө күн эркиндиктин, улуттук сыймыктын жана мамлекеттүүлүктүн символу болуп саналат. 1991-жылдын 31-августунда эгемендүүлүктүн жарыяланышы жана өлкөңүздүн мамлекетти куруу жолун көз карандысыз тандоосу — кыргыз элинин өзүнчө маданий өзгөчөлүгүн жана салт-санаасын сактаган, кубаттуу жана өнүккөн мамлекетти курууга болгон туруктуулугун жана майтарылбас эркин ачык көрсөтөт.
Грузия биздин мамлекеттердин ортосундагы достук мамилелерге чоң маани берет. Тарыхый өтмүштүн жалпылыгын эске алуу менен, биздин өлкөлөрдү эркиндик жана суверендүүлүк принциптери бириктирип турат. Кийинки жылдары биздин кызматташтыгыбыз мындан ары да тереңдеп, элибиздин гүлдөп-өнүгүшүнө өбөлгө түзөт деп ишенем”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Михаил Кавелашвили Президент Садыр Жапаровго чың ден соолук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.