Мигранттар үчүн эрежелер катаалдашты: ТИМ Россиядагы мекендештерге кайрылды

 Мигранттар үчүн эрежелер катаалдашты: ТИМ Россиядагы мекендештерге кайрылды

Россия Федерациясынын мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, чет өлкөлүк жарандарды өлкө аймагынан мажбурлап чыгарууга (депортациялоого) негиз болгон административдик укук бузуулардын тизмеси эки эседен ашык кеңейтилди. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Россияда чет элдиктердин жүрүүсүнө көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган аталган мыйзамдык өзгөртүүлөр 2026-жылдын 3-ноябрынан тартып күчүнө кирди.

Сейрек учурларда мурда айып пул салуу менен гана чектелген төмөнкү аракеттер эми РФ аймагынан мажбурлап чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга негиз болот:

  • Майда бейбаштык жасоо;
  • Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин же аскер кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө;
  • Чогулуштарды, митингдерди жана коомдук иш-чараларды өткөрүүнүн тартибин бузуу;
  • РФ Куралдуу күчтөрүн жаманатты кылууга багытталган ачык аракеттерди жасоо;
  • Интернетте адамдын кадыр-баркын жана коомдук адеп-ахлакты кемсинткен маалыматтарды таратуу;
  • РФга каршы санкцияларды киргизүүгө чакыруу жана басмырлоо көрүнүштөрүнө жол берүү;
  • Нацисттик же экстремисттик символиканы пропагандалоо;
  • Баңги каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү.

“Ушуга байланыштуу ТИМ Россияда жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын миграциялык мыйзамдардагы жаңы талаптар менен кылдат таанышууга жана мыйзам бузуулардын, жагымсыз кесепеттердин алдын алуу үчүн өлкөдө болуунун белгиленген эрежелерин так сактоого чакырат”,-деп айтылат маалыматта.

Связанный пост