Путин кыргызстандык аялды “Достук” ордени менен сыйлады
Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын кеңешинин төрагасынын орун басары — Зухра Шидакованы “Достук” ордени менен сыйлады. Бул тууралуу Бишкектеги Орус үйүнөн билдиришти.
Сыйлык тапшыруу аземи 4-ноябрда Кремлде Элдердин биримдиги күнүнө карата уюштурулган иш-чаралардын алкагында өттү.
Сыйланган адамдардын эмгегине токтолгон Владимир Путин Россия менен башка өлкөлөрдүн ортосундагы гуманитардык жана маданий байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
“Зухра Шидакова өз ишмердүүлүгүндө улуттар аралык тынчтык жана ынтымак баалуулуктарына өзгөчө көңүл буруп, Кыргызстанда Россия элдеринин маданиятын жайылтууга чоң салым кошуп келет”, — деди Путин.
Өз кезегинде Зухра Шидакова Владимир Путинге жогорку мамлекеттик сыйлык жана чет өлкөлөрдөгү мекендештерине көрсөткөн көңүлү үчүн ыраазычылык билдирди.
“Карачай элинин өкүлү катары мен үчүн бул чоң сыймык. Россия менен Кыргызстанга өнүгүү жана гүлдөп-өсүү, эки өлкөнүн элдерине тынчтык, ден соолук, жакшылык жана биримдик каалайм. Элдин биримдиги — ар бир мамлекеттин пайдубалы, элдин күчү”, — деди ал.
“Достук” ордени — Россия Федерациясынын мамлекеттик сыйлыгы. Ал элдердин ортосундагы тынчтыкты, достукту жана кызматташтыкты чыңдоого, маданияттар аралык байланыштарды өнүктүрүүгө, ошондой эле маданий жана тарыхый мурастарды сактоого кошкон салымы үчүн ыйгарылат.