Миң-Куш айылынын окуучуларына Президенттин фондунан кичи автобустар алынып берилди

Жаңы окуу жылына карата Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы балдарды мектепке ташып жеткирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан 2 даана кичи автобус алып берилди.

Автоунааларды бүгүн, 8-сентябрда КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов дарегине жеткирди.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2023-жылдын 13-июлунда Миң-Куш айылына келип, жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн уккан. Жолугушууда айыл тургундары көтөргөн көйгөйлүү маселелердин бири мектеп окуучуларын мектепке ташып жеткирүү үчүн автобустардын зарылдыгы болчу. Жаңы окуу жылынын башталышына карата Президенттин фондунан “Мерседес-бенз” үлгүсүндөгү 2 даана чакан бус чечилип берилди.

Унааларды тапшырып жатып облус жетекчиси Алтынбек Эргешов Миң-Куш өрөөнүнүн бардык көйгөйлөрү Президентибиз тарабынан чечилип жатканын айтып, гемодиализ аппараты дагы алынып берилгенин, жакында имараты жана кадр маселеси чечилсе коюлуп берилээрин, жолдорду асфальттоо кийинки жылдын бюджетине кирип жатканын белгиледи.

Айыл тургундары, ата-энелер өлкө башчысынын белегин кубануу менен кабыл алып, терең ыраазычылык билдиришти.

Учурда Миң-Куш айылындагы 3 орто мектепте 567 окуучу билим алууда.

Связанный пост