Миң-Булак айылым – таланттардын бешиги, чыгаандардын мекени
Миң-Булак айылым – таланттардын бешиги, чыгаандардын мекени.
Кыргыз Республикасынын эгемендүүлук күнүнө карата жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын утурлай.
Миң-Булак айылым – таланттардын бешиги, чыгаандардын мекени.
Кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал, улуу манасчы Тыныбек Жапый уулу, куйкум сөздүн устаты, чукугандай сөз тапкан, кыйчалышта жол тапкан элчи, куудул Көкөтөй чечен, эл сүйүп даңазалаган куудул акын Актан Тыныбек уулу, таңдайында мөөрү бар, айтканы сая кетпеген Боскунчу, кара кылды как жарган Кедей аке, акылмандыгы, калыстыгы менен калкына жаккан атактуу Таабалды, Алай болуштар чыккан, киндик кан таамп, туулуп өскөн жеримдин тарыхын тереңдеп карап чыгууну жана башкаларга дагы учкай жеткизүүнү туура деп таптым.
Архивдик маалыматтарга жана өз убагында азыркы Нарын районуна караштуу Миң-Булак айыл өкмөтү, мурдагы Куйбышев колхозу, андан мурда Миң-Булак айылдык кеңеши жөнүндө көрүнүктүү маалыматтарды жазып кеткен Ш. Мусабеков, Ы.Турсунов аталарыбыздын эмгектерине үңүлүп карап, Улуу Октябрь Революциясына чейин (1918), андан кийинки жылдарда Миң-Булак жана ага чамалаш Оттук, Эчки-Башы, Үч-Нура, Мазар айылдары Каракол округуна караштуу Он-Арча болуштугуна киргенин байкасак болот. Болуштуктун борбору Миң-Булак деп архивдик маалыматтарда көрсөтүлгөн.
Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылдык кеңеши 1929-жылы (айрым булактарда 1927-жылы) түзүлүп, Миң-Булак, Таш-Дөбө, Өрнөк, Сары-Булак айылдарынан турган.
1928-жылы каттоо жүргүзүлгөн жана Миң-Булакта биринчи болуп ортого ыктыярдуулук менен төрт түлүк мал топтолгон.
1930-жылы 14-мартта ВКП(б)БК “колхоздук кыймылда партиянын жолун бурмалоочулукка каршы күрөшүү жөнүндө” токтом кабыл алган. Партиянын борбордук комитети партиялык уюмдарды Лениндик принциптин негизинде дыйкандарды ыктыярдуу коллективдүү чарбага (колхозго) тартуу боюнча туруктуу күрөш жүргүзүүгө милдеттендирген. Бул токтомдун негизинде Миң-Булак айылдык кеңеши боюнча бардык айылда ортолошкон малдар кайра таратылган. Ал эми 1932–1933-жылдары кайрадан ортолошуу башталган.
1929–1930–1934-жылдарда жерди биргелешип иштетүү чарбалары (ТОЗдор-товарищества по совместной обработке земли), 1935–1936-жылдарда айыл чарба артелдери түзүлүп, кийин өз алдынча коллективдүү чарбаларга айланган. Миң-Булак айыл өкмөтүн, мурдагы Куйбышев атындагы колхозду түптөөдө, убагында, өз жеринде жакшы заманды курууга чоң ата, чоң энелерибиз жан дилдери менен катышып, азыркы жаркын келечекти бизге тартуулаган.
Жаңы коомдун түзүлүшү менен катар эле, сабатсыздыкты жоюу иштери уюштурулуп баштаган.
1920-жылы 17-сентябрда Лениндин декрети боюнча “Түркстан калкынын арасында сабатсыздыкты жоюу боюнча” Түркстан эл комиссарлар совети кабыл алган токтом, Кыргызстанда, анын ичинде Нарын районунда 1934–1935-жылдары толук кандуу ишке аша баштаган.
1934-жылы ВПК(б)нын (Всесоюзная коммунистическая партия большевиков) атайын токтому менен калктын массалык түрдө сабатсыздыгын жоюу иши башталган. Ар бир 30–40 кишиге бирден мугалим чектелип, чоң адамдар бир жылга жетпей, алиппени латын тилинде окуп, жаза билүүгө үйрөнгөн. Сабатсыздыкты жоюу коомдору ачылган. Сабатсыздыкты жоюу мектептеринде, а дегенде 16-35 жаштын ортосундагылар, анан 50 жашка чейинкилер окуган. Ошол кезде Миң-Булак айыл кеңешиндеги 5 кыштакка окуу уюшулуп, ага 501 адам тартылган. 1935–1940-жылдар аралыгында 415 адам сабатсыздыгын жоюп, алиппени латын алфавитинде өздөштүргөн.
Миң-Булакта алгачкы башталгыч мектеп 1932-жылы Калчаке уулу Алай болуш салган мечиттин имаратында ачылып, Дыйканбай уулу Дүйшөбай биринчи мугалим болуп ишин баштаган. Мектеп согуш жылдары дагы ишин токтоткон эмес.
Ошону менен катар эле, дагы бир мектеп Өрнөктөгү кызыл үйдүн базасында уюшулган. Анын үстү кызыл тунуке темир менен жабылып турчу деп эскерип келет ардагерлер.
Сабатсыздыкты жоюуда же эл агартууда эмгек сиңирген алгачкы мугалимдер: Дыйканбай уулу Дуйшөбай, А.Жунусов, К.Жаныбеков, Т.Байсалов, Б.Сагынаева, З.Деркембаев, Ү.Малабаева, Т.Акматова, Ж.Шалпыков, М.Смадияров, Н.Мамытов ата-апаларыбыздын эмгеги зор экенин белгилебей койбосок болбойт.
1937-жылы Миң-Булак айыл кеңешинде үч чарба калган: Миң-Булак, Таш-Дөбө, Өрнөк. Негизги оокаты- мал чарбасы, андан кийин дан чарба талаачылык болгон.
Жаңы доордо, жаңыдан өнүгүүгө бет алган, жалындуу иш алып бара жаткан коллективдүү чарбаларга, капилеттен башталган согуш апааты, орду толгус чоң жоготуу алып келди. Улуу Ата Мекендик согушка аттанып, кан майданда курман болгондор, кайтпай калгандар жана дайынсыз жоголгондор Миң-Булактан 164 адам. Дээрлик көпчүлүгү жаштар, үй-бүлө куруп, бала жытын жыттабай, кырчын өмүрлөрү кыйылды, аттиң…
1950-жылдары өлкөбүздүн турмушунда олуттуу өзгөрүүлөр болду. Улуу Ата Мекендик согушта жабыр тарткан эл, бүлүнгөн чарбалар оңоло баштады. ВПК(б) БКнын февраль Пленумунун “Согуштан кийинки мезгилде айыл чарбасын жогорулатуунун чаралары жөнүндөгү” – токтому Куйбышев, Өрнөк, Миң-Булак колхоздору үчүн зор мааниге ээ болгон.
Токтомго ылайык чарбаларга автомашина, трактор жана башка айыл чарба шаймандарын берүүнү милдеттендирген. Ошол учурда үч чарбада 3 авто унаа гана болуп, негизги күч унаа ат, өгүз эле.
Ал кезде калк жылкы баласын кастарлап мингендиктен, күлүк ат, жорголор ар бир айылда ондоп саналган. Согуштун учурунда да, эл ат унаадан ажыраган эмес.
1951-жылы 22-мартта Нарын райисполкомунун №10/9 чечимине ылайык мурунку Миң-Булак, Өрнөк, Куйбышев колхоздору Куйбышев атындагы ири чарбага бириккен.
1990-жылы Куйбышев атындагы колхоз “Миң-Булак” колхозу деп аталып, кирешелүү чарба болуп, анын эсебинде 44457 кой, 1 320 бодо мал, 1326 жылкы болгон. Жылдык таза кирешеси 1 млн 237 миң рубль болгон. Миллионер колхоз аталып турган кезде, Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин, 1992-жылы дыйкан чарбасына тарады.
2023-жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү саясатынын алкагында Миң-Булак, Эмгекчил, Он-Арча, Кара-Кужур айыл өкмөттөрү биригип, Нарын районундагы эң ири Миң-Булак айыл өкмөтүнө айланды.
Мына ушул жогоруда баяндалган, дээрилик бир кылымга жакын убакытта Миң-Булакта башкарма, айыл округунун, айыл өкмөттүн башчысы болуп төмөндөгү инсандар эмгектенген: У.Жаңыбаев, М.Исмадияров, Ж.Өмүралиев, С.Аттокуров, К.Сарымсаков, К.Саралаев, Т.Исмаилов, Н.Мамытов, К.Базарбаев, Ж.Шадыманов, К.Айманбаев, А.Алымкулов, Н.Чүйтүев, Д.Залимтөреев, Н.Мүсүрканов, Ж.Асанов, А.Ашыралиев, Т.Шабдраев, С.Усупов, М.Сармолдоев, К.Жунусов, Ж.Өмуралиев, Т.Шоңкоев, К.Усупов, К.Кудайбегенов, Баяке уулу Б, Б.Кошалиев.
Элибизде “ааламга кеткен жол айылдан башталат” деп бекеринен айтылбаса керек, элетте тарбияланып, айылдык мектептен окуп, андан нары билимин улап, илим алып шаарга кеткен, кыргыз элине эмгеги сиңип, аты алыска угулган чыгаан инсандар биздин айылдан арбын чыкты. Алардын айрымдарынын атын атай кетсем, айылымдын куту дагы бир жолу сүйүнөт дейм.
Совет доорунда Кыргызстандын төрт районунда биринчи катчы жана Айыл чарба министринин орун басары болуп, даңкы далайга тараган партиялык жана коомдук ишмер К.Базарбаев, Нарын облусунун биринчи губернатору, легендарлуу парламенттин депутаты, коомдук ишмер К.Ашыралиев, юридика илимдеринин доктору, мамлекеттик ишмер Т.Өмүралиев, Кыргыз Республикасынын эл жазуучулары – бир кезде Кыргызстан жазуучулар союзунун башында турган А.Жакшылыков, драматург, Кыргыз театр ишмерлер союзунун төрагасы Ж.Кулмамбетов, академик, ветеринария илимдеринин доктору, Кыргыз улуттук агрардык академиясынын ректору Р.Нургазиев, экономика илимдеринин доктору М.Исраилов, КР Соода, өнөр жай палатасынын мурдагы президенти, техника илимдеринин кандидаты К.Касымалиев, экономика илимдеринин кандидаты, Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары К.Касеинов, мамлекеттик жана коомдук ишмер С.Асанов, Кыргыз Республикасынын эл мугалими А.Заркунов, Кыргыз Республикасынын эл артисттери: А.Осмонов, Ч.Дубанаев, Т.Актанов, З.Сооронбаев, КР эмгек сиңирген артисттер: К.Мамырканов, Н.Мусаева, М.Чобиев, “Кут Билим” медиа борборунун директору, Би-Би-Синин редактору К.Чекиров, журналист А.Аманкулова, таланттуу акындарыбыз:Ж.Исабаева, Ж.Жамангулова, А.Буудайчиев, Т.Алдашова, жаш манасчы Болот уулу Үмөт жана башкаларын сыймыктануу менен атасам болот.
Учурда улуу муундун жолун улап, ар кыл тармакта калктын камын ойлоп, жигердүү эмгектенип жаткан Миң-Булактын уул-кыздарына да ийгиликтерди каалайм. Алар: Э.Турганов, А.Асанов, А.Турдакунов, Асанбек уулу А, Т.Кадыркулова, Ж.Кадыркулова, К.Кадырова, Б.Исраилов, К.Кудайбегенов, Э.Чекирова, Т.Кулешов, И.Үсөнов, А.Касымбаев ж.б.
Автор: Т.Аманкулов