Мэрия: Курултайда көтөрүлгөн маселелер чечилүүдө

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2022-жылдын 15-августундагы № 284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгы менен 2022-жылдын 25-26-ноябрында Бишкек шаарында биринчи Элдик Курултай өткөрүлгөн.

Жалпысынан Бишкек шаары боюнча делегаттар тарабынан 52 көйгөйлүү маселелер көтөрүлгөн жана алардын ичинен эң оорчундуусу:

– мектептерди, мектепке чейинки билим берүү мекемелерди жана аларга кошумча имараттарды куруу маселелери боюнча – 6 маселе;

– экология, ыш-түтүн жана таштанды маселелери боюнча – 8 маселе;

-жер участокторун мыйзамдаштыру жана мыйзамсыз курулуштар, маселелери боюнча – 12 маселе;

-канализация жана суу түтүктөрүн өткөрүү маселеси боюнча – 3 маселе;

-транспорт жана тыгындарды азайтуу маселеси боюнча – 5 маселе;

-жолдорду, эстакадалык көпүрө куруу маселеси боюнча – 3 маселе,ошондой эле 15 башка маселелер көтөрүлгөн.

Делегаттар тарабынан көтөрүлгөн 52 маселенин ичинен 37 чечилди (73%).

 

Мектептерди, мектепке чейинки билим берүү мекемелерди жана аларга кошумча имараттарды куруу маселелери боюнча 2022-жылы Бишкек шаарында 15 жалпы билим берүүчү мектеп жана 2 мектепке чейинки балдар мекемеси курулду.

2023-жылга карата курулуштардын титулдук тизмесине ылайык, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан 13 мектепке чейинки билим берүү уюмунун курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Жалпы долбоордук кубаттуулугу – 2180 орунга ылайыкталган.

Мындан тышкары, көптөн бери иштебей турган № 8 жана № 16 мектепке чейинки билим берүү уюмдары капиталдык оңдоодонөткөрүлүп эксплуатацияга берилген.

Ошондой эле 2023-жылга карата 1 жалпы билим берүүчү мектепбин куруу жана курулуштардын титулдук тизмесине № 42 орто мектебине кошумча имарат куруунун долбоорлоо-изилдөө документтерин иштеп чыгуу киргизилген.

№ 37 бала бакчага балдар ойноочу аянтын куруу 2024-жылдын титулдук тизмесин түзүүдө эске алынаарын билдирет.

Мындан тышкары 9 жаңы мектепке чейинки билим берүү уюмун куруу боюнча долбоорлоо-изилдөө жумуштары жүргүзүлүүдө. (“Арча-Бешик”, “Ак-Өргө”, Каховский көч, 7, Түштүк пландоо зонасы, “Ак-Тилек”, “Учкун”, “Бакай-Ата”, № 22 жана 131 мектепке чейин билим берүү уюмдарга кошумча имараттар). Аталган бала бакчаларды 2024-жылы куруу иштери пландалууда.

-«Ала-Тоо» конушундагы орто мектебине кошумча имарат куруу иштери боюнча (кубаттуулугу: 500-550 орундуу) 2023-жылга карата курулуштардын титулдук тизмесинде 1 000,0 миң сом каралган 2023-жылдын 24-майында долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу үчүн келишим түзүлгөн. Азыркы учурда башкы планы жана архитектуралык бөлүгү «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасында макулдашуу стадиясында.

Связанный пост