Мэрия: Коркунуч жок, Бишкектеги мектептер кадимки режимде иштей берет

 Мэрия: Коркунуч жок, Бишкектеги мектептер кадимки режимде иштей берет

Коркунуч жок, Бишкектеги мектептер кадимки режимде иштей берет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Муниципалитет Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып, окуучулар тууралуу коркутуулар менен видео тараткан адам Кыргызстандын аймагында эмес экенин билдирди.

“Тизмеге кирген бардык мектептер текшерилип, эч кандай шектүү объектилер жана коопсуздукка коркунуч туудурган жагдайлар аныкталган жок.

Окуучулардын жана мугалимдердин коопсуздугун камсыздоо максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштөөнү улантууда”, – деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу муниципалдык мектептердин оффлайн режиминде иштөө чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, буга чейин белгисиз жаран тарабынан коркутууларга байланыштуу мектептер онлайн режиминде иштей турганы кабарланган.

Связанный пост