“Мен кыргыз жана англис тилдеринде Манас айта алам” шаардык сынагы өткөрүлдү

 “Мен кыргыз жана англис тилдеринде Манас айта алам” шаардык сынагы өткөрүлдү

Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү “Улуу Кыргыз Ордо” коомдук бирикмеси менен биргеликте борбор шаардагы мектеп окуучуларынын арасында  “Мен кыргыз жана англис тилдеринде Манас айтам” шаардык сынагын №11 орто мектептин жыйын жайында өткөрдү.

Шаардык сынакта 52 жаш манасчы кыргыз, англис тилдеринде “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү айтышып, 7 мектептен 50 окуучу кыргыз, англис тилдеринде эпостон сахналаштырылган үзүндүлөрдү көрсөтүшү. Иш-чарада 50 жаш манасчы эпостон үзүндүнү хор менен айтып, жалпы иш-чарага 152 окуучу катышты.

Калыстар тобуна манасчылар Назаркул Сейдракманов, Шайлообек Рашов, Калил уулу Асаналы, Нурбек Талантбеков, англис тили мугалими Алмагүл Айсариева  катышып, жаш манасчылардын кыргыз жана англис тилдеринде “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү айтуу чеберчилигин баалашты.

Шаардык сынактын жыйынтыгы боюнча Свердлов районунан Абдыбалиева Асия (№ 45 ОМ), Бейшембиева Аяна (№ 45 ОМ), Кудуретова Адиля (№ 11 ОМ), Аманова Амина ( № 10 ОМ), Эсенкадиева Салиха (№ 66 МГ), Ленин районунан Давутов Азамат  (№ 95 МГ), Садыбакашева Асель (№80 ОМ), Искендербекова Даткайым (№ 82 ОМ) Бекболотова Аяна (№80 ОМ), Абдыманапова Арууке (№ 79 ОМ), Жээнмырзаев Адилет (№ 82 ОМ), Октябрь районунан Мелсов Ырыскелди (№ 88 ОМ), Майрамбекова Айзирек (№ 91 МГ), Адилетова Айша (№ 62 МГ), Алымжанова Каникей (№ 39 МГ), Ракымов Элмырза (№ 91 МГ) жана Биринчи май районунун № 86 орто мектебинен Касымалиев Нурислам, Кампабекова Нагима, Ыкышова Арууке, Шерикбай уулу Нурахмед, Кулова Элдана алдыңкы орундарга ээ болушту.

Ошондой эле “Манас” эпосунун үчилтиги боюнча сахналаштыруу сынагында алдынкы орундарга ээ болгон Бишкек шаарынын № 46, № 86, №44, № 13, № 79, № 29 мектептеринин окуучулары эң мыкты театрлаштырылган үзүндүлөрдү көрсөтүштү.

Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Эльвира Ниязбекова жана “Улуу Кыргыз Ордо” коомдук бирикмесинин төрагасы Кубанычбек Тезекбаев алдыңкы орундарга ээ болгондорго сыйлыктарды тапшырышып, шаардык сынактын жеңүүчүлөрү 2023-жылдын 12-майында №38 гимназия мектебинде өткөрүлө турган республикалык сынакка жолдомо алышкандыктарын билдиришти.

Бул шаардык сынак Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – “Манас” эпосунун үчилтигин (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпостору) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” жана “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыктарына ылайык, “Манас” эпосунун үчилтигин кыргыз жана англис тилдеринде жайылтуу максатында өтүлдү.

Связанный пост