Мектептерде жана бала бакчаларда акча чогултууга тыюу салынат

 Мектептерде жана бала бакчаларда акча чогултууга тыюу салынат

Агартуу министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарында ар кандай формада мыйзамсыз акча чогултуу же каражат талап кылуу аракеттерине катуу тыюу салынарын эскертти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, бул талапты бузган адамдар мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылат. Эгерде мындай фактылар аныкталса, ата-энелер жана окуучулардын мыйзамдуу өкүлдөрү дароо тиешелүү укук коргоо органдарына кайрылууга милдеттүү.

Бул тыюу төмөнкү документтер менен белгиленген:

– Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодекси,
– Кыргыз Республикасынын президентинин 2023-жылдын 26-майындагы ПЖ №136 «Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу чаралары жөнүндө» жарлыгы,
– Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин 2023-жылдын 1-июнундагы №3363/1 «Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча каражаттарын чогултууга тыюу салуу жөнүндө» буйругу.

Связанный пост