Мектепке электрондук каттоонун экинчи этабы башталды

 Мектепке электрондук каттоонун экинчи этабы башталды

Кыргызстанда бүгүн саат 09:00дө жаңы 2025/26-окуу жылына мектептерге электрондук каттоонун экинчи этабы башталды.

Агартуу министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл 250 миңге жакын окуучу биринчи жолу партасына отурат.

Белгиленгендей, 2-этап үстүбүздөгү жылдын 2-июнунан 15-августуна чейин өткөрүлөт.

Кантип катто керек?

Ата-энелер бош орундары бар мектепти тандай алышат. Бул үчүн, сизге төмөнкүлөр керек:

– Каттоо үчүн баланы тандаңыз.

– Облустту, районду же шаарды көрсөтүңүз.

– Тизмедегилердин ичинен мектепти тандаңыз.

– Окутуу тилин чечип, “Мектепке жазылуу” баскычын басыңыз.

Мектепке кабыл алуу боюнча бардык суроолор боюнча Агартуу министрлигинин 110 телефону аркылуу кайрылсаңыз болот.

Эскерте кетсек, Санариптик өнүктүрүү министрлиги Агартуу министрлиги менен биргеликте ушул жылдын март айында Tunduk мобилдик тиркемесинде жаңы кызматтын бет ачарын өткөргөн. Эми бул колдонмо аркылуу балаңызды мектепке каттай аласыз.

Связанный пост