Мектепке электрондук каттоо: Эки күндө 21,2 миң бала 1-класска катталды
Билим берүү жана илим министрлигинин санариптик трансформация бөлүмүнүн 9-апрелге карата берген маалыматына ылайык, республика боюнча 21 миң 291 адам катталды.
Катталгандарды облустар жана шаарлар боюнча бөлүштүрүү:
Ысык- Көл облусу — 2174;
Жалал-Абад облусу — 3704;
Нарын облусу — 1557;
Баткен облусу — 2330;
Ош облусу — 3516;
Талас облусу — 1174;
Чүй облусу — 2903;
Бишкек шаары — 3461;
Ош шаары — 472.
Жыйынтыгында катталды: 21 миң 291 адам.
Бош орундар:
Бишкек шаары боюнча: 12 миң 734
Толгон мектептер:
1. №26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси;.
2. №70 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси муниципалдык мекемеси.
Эскерте кетсек, кечээ, 8-апрелде баланы мектепке 1-класска электрондук каттоо башталган. Кабыл алуу эки этапта жүргүзүлөт: 8-апрелден 2-июнга чейин юридикалык каттоодон жери боюнча, ал эми экинчи этап – 3-июндан 30-августка чейин жашаган жерине карабастан, бош орундар бар мектептерге каттаса болот.