Мектеп, тигүү цехи, оорукана. Баткенте эртең 10го жакын объект колдонууга берилет
Баткен облусунда 30-декабрда 10го жакын объект колдонууга берилет. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Жаңы жыл алдында ачылышы пландалып жаткан объекттер:
Лейлек районунун Кулунду айыл аймагындагы “Булак-Башы” орто мектеби;
Лейлек районунун Лейлек айыл аймагындагы “Лейлек” орто мектеби;
Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагындагы “Алга”орто мектеби;
Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагындагы курулуш материалдарын чыгаруучу ишкана;
Баткен районунун Боз-Адыр айылындагы тигүү цехи;
Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы тигүү цехи;
Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагындагы Т.Мадарипов атындагы орто мектеби;
Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы оорукана;
Баткен шаарындагы мал базары.
Өкүлчүлүктөн аталган объекттердин ачылуу салтанаттары онлайн жана офлайн режиминде өтөт.