Мектеп алдындагы лагерлердин салтанаттуу ачылышы өттү

Мектеп алдындагы лагерлер ишин 2023-жылдын 5-июнунан 30-июнуна чейин жүргүзүшөт.  Жалпы 39 мектепте мектеп алдындагы лагерь, 34 мектепте тамактануу базасы уюштурулган. Мектеп алдындагы лагерлер саат 8:00дөн 14:00 гө чейин иштеп, 4 миң 285 окуучуну камтыйт.

– Ленин району боюнча  10 мектеп алдындагы лагерь, ошону  менен бирге 9 мектептин базасында биргелешкен тамактануу жана иштөө уюштурулган, балдарды камтуусу – 1200 бала;
– Биринчи май району боюнча 6 мектеп ордунда тамактануу менен мектеп алдындагы лагерь уюшулган, балдарды камтуусу – 1000 бала;
– Свердлов району  боюнча  16 мектеп алдындагы лагерь уюшулган, ошону  менен бирге 12 мектептин базасында биргелешкен тамактануу жана иштөө, балдарды камтуусу -1230 бала;
– Октябрь району боюнча 7 мектеп ордунда тамактануу менен мектеп алдындагы лагерь уюшулган, балдарды катуу – 855 бала.

Мектеп лагеринин иштөө мезгилинде балдар ийримдер менен алектенүүгө мүмкүнчүлүк алышат, маданий саякаттар, спорттук оюндар, сынактар жана башка көптөгөн нерселер уюштурулат. Балдар үчүн балдардын чыгармачылык борборлору 71 ийримдин ишин даярдашты.

Ар бир мектеп лагерине медициналык кызматкер, борбордун ички иштер башкы башкармалыгынын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспектору бекитилип, балдарды коргоо мектеп коопсуздук кызматы тарабынан да камсыздалат.

Связанный пост