“Медициналык шаарчаны куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу жөнүндө” жарлыкка кол коюлду

 “Медициналык шаарчаны куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу жөнүндө” жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Жарлыкка кол койду, ага ылайык көп профилдүү мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарын бириктирген заманбап медициналык шаарчаны куруу, калкка комплекстүү жана борборлоштурулган медициналык кызматтарды көрсөтүү, инклюзивдүү бейтаптарга багытталган чөйрөнү түзүү, Кыргыз Республикасында саламаттык сактоонун инфраструктурасын масштабдуу модернизациялоо жана интеграциялоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылынат:

1. Медициналык шаарчаны куруу стратегиялык мамлекеттик милдет жана орто мөөнөттүү келечекте ишке ашыруу үчүн артыкчылыктуу долбоор деп эсептелсин.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) медициналык шаарчаны куруу жана жабдуу биринчи кезекте Бишкек шаарында жайгашкан жана реконструкциялоону жана жаңылоону талап кылган мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын мүлктүк комплекстерин ачык жана транспаренттик негизде этабы менен менчиктештирүүнүн, ошондой эле жеке инвестициялардын жана эл аралык уюмдардын эсебинен ишке ашырылат;

2) медициналык шаарчаны куруу жана жабдуу үчүн ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн каражат жетишсиз болгон учурда зарыл болгон каражаттар республикалык бюджеттен бөлүнөт;

3) мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарын медициналык шаарчага кайра жайгаштыруу медициналык шаарчанын тиешелүү объекттери эксплуатациялоого киргизилгенине жараша этабы менен, бирок ушул саламаттык сактоо уюму тарабынан бошотулган тиешелүү мүлктүк комплекс менчиктештирилген учурдан тартып эки жылдан кечиктирбестен ишке ашырылат.

3. Долбоорду жетектөө жана медициналык шаарчанын курулушун координациялоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына жүктөлсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен биргеликте белгиленген тартипте алты айлык мөөнөттө:

1) медициналык шаарчаны түзүү жана иштетүү долбоорун ишке ашыруу концепциясын иштеп чыксын жана бекитсин;

2) Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте медициналык шаарчанын жайгашкан жерин аныктасын, зарыл жер участокторун бөлүп берүү жана трансформациялоо боюнча чараларды көрсүн;

3) медициналык шаарчага кайра жайгаштырылууга тийиш болгон мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын тизмегин аныктасын;

4) мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарын этабы менен кайра жайгаштыруу жана алардын сатылган мүлктүк комплекстерди бошотуусунун планын бекитсин;

5) медициналык шаарчаны долбоорлоо жана куруу менен байланышкан жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдү аныктасын;

6) медициналык шаарчага кайра жайгаштыруу пландалып жаткан мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын мүлктүк комплекстерин менчиктештирүү процессин камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген бар болгон тоскоолдуктарды четтетүү жана аларды ээликтен ажыратууга чектөөлөрдү алып салуу маселелерин жөнгө салуу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана киргизсин;

7) Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте тарыхый-маданий мурас объекттери болуп саналган мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын бошотулуп жаткан имараттарынын статусун кайра карап чыгуу маселесин карасын;

8) медициналык шаарчага кайра жайгаштыруу жөнүндө чечим кабыл алынган мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын “улуттук” статусун кызматкерлердин кызматтык маяналарына карата колдонуудагы дем берүүчү үстөк акыларды сактоо менен кайра карап чыгуу боюнча сунуштарды киргизсин;

9) бошотулуп жаткан мүлктүк комплекстердин рыноктук наркына объективдүү көз карандысыз баа берүүнү камсыз кылсын;

10) ушул Жарлыктан келип чыгуучу уюштуруучулук, финансылык жана башка чараларды көрсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын

16-февралындагы № 37 “Социалдык инфраструктура объекттерин андан ары пайдалануунун шарттарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“1. Эгерде мындай объекттер алардын балансында турса же менчиктештирүү процессинде аларды пайдалануунун колдонуудагы тартибин сактоо шарттарында акысыз өткөрүлүп берилсе, уставдык фонддогу мамлекеттик үлүштүн өлчөмүнө карабастан, социалдык инфраструктура объекттери мамлекеттик жана менчиктештирилген ишканалар жана мекемелер тарабынан сатылууга тийиш эмес деп эсептелсин, буга төмөнкүлөр кирбейт:

1) мамлекеттик, муниципалдык менчикте турган жана белгиленген тартипте авариялык жана бузулууга тийиш деп таанылган объекттер;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан медициналык шаарчага кайра жайгаштыруу жөнүндө чечим кабыл алынган мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын ыкчам башкаруусунда турган объекттер.”.

6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Связанный пост