Медициналык академиянын мугалими пара алып жаткан жеринен кармалды
150 000 сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен И.Ахунбаева атындагы КММАнын окутуучусу кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кармоо учурунда усулдук канаада «А.А.» (2002-ж.т.) аттуу окуу жайдын студенти болгон. Ага карата болгон жеке тинтүү учурунда жанынан 100 000 сом акча каржаты табылган. Белгилей кетсек «А.А.» алдын ала суракта акчалардын өзү окуган окуу тайпасындагы студенттерден чогултулганын, ошондой эле алдыдагы кышкы сессия мезгилиндеги экзамендерди оң жагына тапшыруунун кепилдигин камсыз кылуу максатында акчаны «Д.Н.Д.»га берүүнү көздөгөндүгү тууралуу көрсөтмө берген.
Буга чейин, УКМК тарабынан жогорку билим берүү системасындагы коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш алып баруу учурунда «Д.Н.Д.» кызматтык абалынан пайдаланып, студенттерден экзамендердин оң жыйынтыгы үчүн акча талап кылып, эгер бербесе зачетторду тапшыруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып, экзаменден алган упайларын төмөндөтүп салаарын айтып коркуткандыгы аныкталган.
Белгилей кетсек, алынган ыкчам маалыматтарга ылайык «Д.Н.Д.» студенттер менен иш жүзүндө сабактарды өткөрбөгөн жана бекитилген окуу планын толук аткарган эмес. Мындан тышкары, ал пара алуу максатында студенттердин экзамендик упайларын атайылап төмөндөткөн.
Жыйынтыгында, кармалган «Д.Н.Д.» КР КЖК 96-беренесине ылайык КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
УКМК тарабынан окуу жайдын окутуучулук курамынын жана администрациясынын арасынан аталган кылмышка катыштыгы бар адамдарды аныктоо, ошондой эле бул сыяктуу башка фактыларды аныктоо боюнча баардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.