«МЭА» ААК: Оштон Джиддага үзгүлтүксүз аба каттамын ачуу пландалууда

 «МЭА» ААК: Оштон Джиддага үзгүлтүксүз аба каттамын ачуу пландалууда

Сауд Арабиясынын Flynas авиакомпаниясы 2023-жылдын август айында Джидда-Ош-Джидда багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды ачууну максат кылууда.

«Ош» эл аралык аэропортунан Абдулазиз падыша эл аралык аэропортуна туруктуу каттам биринчи жолу ишке ашырылат.

Жаңы багыт боюнча биринчи авиакаттамдын болжолдуу убактысы 2023-жылдын 21-августу. Джиддага каттамдарды Airbus A320neo учактары менен жумасына 3 жолу аткарылышы күтүлүүдө.

Связанный пост