«МЭА» ААК: Бишкектен Пекинге жаңы туруктуу каттам ачуу пландалууда
2024-жылдын 24-январында кытайлык China Southern Airlines авиакомпаниясы Пекин-Бишкек-Пекин багыты боюнча туруктуу авиа каттам ачууну максат кылууда.
«Манас» эл аралык аэропортунан Пекин шаарына үзгүлтүксүз каттамдар биринчи жолу аткарылат.
Жаңы багыт боюнча каттамдар жумасына үч жолу – дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткарылат.