МБКнын төрагасы «Кызыл-Бел» жана «Кайрагач» өткөрүү пункттарынын иши менен таанышты
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы «Баткен» бажысынын ишмердүүлүк аймагына баруу учурунда, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы «Кызыл-Бел» жана «Кайрагач» өткөрмө пункттарына барды.
2025-жылдын 13-мартында өткөрүү пункттарынын иши кайра жанданган учурдан тартып бажы органдарынын кызматкерлери штаттык режимде кызмат өтөшөт, ал эми маалыматтык системалар жана техникалык каражаттар үзгүлтүксүз иштеп жатат.
Өздүк курам менен жолугушуунун жүрүшүндө төрага Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соода жана маданий байланыштарды чыңдоо үчүн аталган өткөрүү пункттарынын стратегиялык маанисин, ошондой эле контролдоочу органдардын натыйжалуу ишинин маанилүүлүгүн белгиледи.
Эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнү өнүктүрүү келечегин эске алуу менен инфраструктураны модернизациялоого, ташуучулар үчүн шарттарды жакшыртууга жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулду.
Өткөрүү пункттарын эл аралык стандарттарга ылайык реконструкциялоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, автотранспорт каражаттары үчүн электрондук кезек аймактарын түзүү жана чек арадагы мамлекеттик көзөмөлдөө органдарынын кызматкерлери үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү тапшырылды.