МБК январь-июнь айларында 48,8 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыздады

 МБК январь-июнь айларында 48,8 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыздады

МБК 2023-жылдын январь-июнь айларында 48,8 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыздаган. План 107,4%га аткарылды.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы 2023-жылдын январь-июнь айларында республикалык бюджетке иш жүзүндө 48,8 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыз кылды.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан белгиленген пландык көрсөткүчтөр 107,4%га аткарылды же 3,4 млрд сомго ашыкча жыйналды.

2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүү 17,1 млрд сомго көбөйдү, же өсүү темпи 153,8%ды түздү.

Связанный пост