Масуд Пезешкиан Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

 Масуд Пезешкиан Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Иран Ислам Республикасынын Президенти Масуд Пезешкиан Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Сизди достук жана боордош Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм.
Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди бардык тармактарда чыңдоо үчүн кызматташууга жана биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого даяр экенимди билдирем.
Сизге ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми кымбаттуу Кыргыз Республикасынын элине бакыт жана бакубатчылык каалайм», – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Связанный пост