Массалык башаламандыкка чакырган жаран ИИМге жеткирилди
Массалык башаламандыкка чакырган жаран ИИМге жеткирилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, милицияга 27 жаштагы С.Т. аттуу жаран массалык башаламандыктар аркылуу бийликти алмаштырууга чакырык жасап жаткандыгы жөнүндө ыкчам маалымат келип түшкөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинде (массалык баш аламандыктар) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Ага ылайык, жарандын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлдү.
Шектүү ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилип, тергөө уланып жатканы айтылды.