Марлен Маматалиев Япониядагы мекендештер менен жолугушту

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Япониядагы расмий сапарынын алкагында аталган өлкөдө жашап, эмгектенип жана билим алып жаткан кыргызстандык мекендештер менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Талант Мамытов баштаган “Ынтымак-Мекенчил” депутаттык тобунун мүчөлөрү жана Кыргызстандын Жапониядагы элчиси Эркинбек Осоев катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө чет өлкөлөрдө жүргөн мекендештер менен байланышты чыңдоо, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы маданий-гуманитардык жана экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Төрага Марлен Маматалиев дүйнөнүн кайсы бурчунда жүрбөсүн, ар бир кыргызстандык өлкөнүн ажырагыс бөлүгү экенин белгилеп, чет өлкөдө жүргөн жаштардын билими жана тажрыйбасы Кыргызстандын келечектеги өнүгүүсү үчүн абдан маанилүү экенин баса белгиледи.

Баарлашуу маалында мекендештер өздөрүн кызыктырган жана көйгөйлүү болгон бир катар маселелерди көтөрүп, төмөнкүдөй сунуш-пикирлерин билдиришти:

  • Шайлоо укугу: Чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандык жарандардын шайлоого талапкер катары катышуусуна тиешелүү мүмкүнчүлүктөрдү түзүү;
  • Билим берүү жана эмгек шарттары: JDS программасы аркылуу Японияга билим алууга келген жарандардын эмгек акысынын төлөнүшүнө байланышкан жагдайларды жана студенттердин башка социалдык маселелерин чечүү;
  • Экономикалык кызматташтык: Жапон инвесторлору үчүн Кыргызстанда жагымдуу шарттарды түзүү жана чет өлкөдө эмгектенген жарандардын пенсиялык чегерүүлөрүнө байланышкан маселелерди жөнгө салуу;
  • Маданий байланыштар: Японияда кыргыз тилин сактоо, кыргызстандын тарыхын чагылдырган жаңы тасмаларды көрсөтүүнү уюштуруу жана эки өлкөнүн ортосундагы визалык шарттарды жеңилдетүү.

Өз кезегинде төрага айтылган ар бир сунуш-пикирге токтолуп, шайлоо мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилип жатканын, ал эми JDS программасы менен окууга кеткендердин айлык маянасына байланышкан маселелер сөзсүз каралып чыгарын билдирди. Ошондой эле төраганын колдоосу менен жакынкы аралыкта Японияда кыргыз кинолору көрсөтүлүп, мекендештердин ынтымагын арттыруу максатында атайын иш-чара уюштурулары жана анда кыргыз тилиндеги китептер берилери маалымдалды.

Связанный пост