Марат Иманкулов “Умай Ашуу: Манастын коду” аттуу көргөзмөгө катышты

Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов Бишкек шаарындагы Сүрөтчүлөр союзунун имаратында өткөн “Умай Ашуу: Манастын коду” аттуу көргөзмөнүн ачылышына катышты.
Аталган көргөзмөнүн ачылышына ошондой эле Sarbugu маданий платформасынын негиздөөчсү Тана Сарбугу, интеллигенция өкүлдөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышты.
Марат Иманкулов өз сөзүндө көргөзмөнүн өзөгү – кыргыз элинин рухий мурасы “Манас” трилогиясында камтылган аял затынын образы аркылуу маданий кодду, архетиптик катмарларды жана ыйык философияны чагылдырган маданий долбоор экендигин белгиледи.
Ал “Умай Ашуу” – бул чексиз мээрим менен жашоону сактап турган символу экендигин жана Умай энеге байланышкан түшүнүктөр кыргыздардын дүйнө таанымын, жаратылыш менен болгон ажырагыс байланышын, ыйык баалуулуктарын ачып берерин баса белгиледи.
Мамлекетти катчы ошондой эле бүгүнкү дүйнө өзгөрүп, баалуулуктар алмашып жаткан заманда өлкөнүн келечеги болгон жаштарга “Манас” үчилтигинин идеологиялык жана философиялык маанисин таанытуу эң жоопкерчиликтүү милдетибиз, ал эми ата-бабанын мурасын сактоону жайылтуу – биздин ыйык парзыбыз деп билдирди.
Соңунда Мамкатчы Марат Иманкулов көргөзмөнүн мазмуну менен жакындан таанышууга чакырып, ар бир чыгарма аркылуу улуттук рухубузду, маданий кодубузду жана тарыхый эстутумубузду жаңыртууга, кыргыз элинин руханий мурасын даңазалоого үндөдү.