Манас шаарынын деталдык планын түзүү боюнча жыйын өттү
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинде Жалал-Абад облусундагы Манас шаарынын деталдуу планын түзүү боюнча жыйын өттү.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, жыйынга департаменттин директорунун орун басары Данияр Бапышов, Манас шаарынын мэриясынын, Жалал-Абад регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын, Геодезия жана картография боюнча мамлекеттик башкармалыктын кызматкерлери, ошондой эле Жер пайдалануу жана куруу эрежелерин иштеп чыгуучулардын өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө бир катар чечимдер кабыл алынды.
Аталган чечимдер Манас шаарынын башкы планын ишке ашыруудагы деталдуу план түзүү долбоорун иштеп чыгуу үчүн маанилүү кадам болуп саналат.