Манас шаарында жаңы «Манас» стелласы ачылды

Бүгүн Манас шаарындагы Аюб-Тоодо «Манас» стеласынын ачылышы болду. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Болотов, шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.

Жаңы стеланын бийиктиги 8 метрди түзүп, демөөрчүлөр тарабынан каржыланды.

Жалал-Абад шаарынын аталышын Манас деп өзгөртүү демилгесин Жогорку кеңеш 10-сентябрда жактырып, өлкө башчы 17-сентябрда кол койгон жана мыйзам 27-сентябрда күчүнө кирген. Буга байланыштуу калаадагы “Жалал-Абад” деген стела “Манас” болуп өзгөртүлдү.

Связанный пост