Манас шаарында тез жардамдын санарип диспетчерлик кызматы иштей баштады
Манас шаарында тез медициналык жардамдын санарип диспетчерлик кызматы ишке берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Жаңы система чакырууларды автоматтык режимде башкарууну камсыздайт: чакыруулар бригадалардын арасында бөлүштүрүлүп, машиналардын кыймылы реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөнөт. Ошондой эле диспетчерлер актуалдуу маалыматтардын негизинде ыкчам чечим кабыл ала алышат.
Диспетчерлик кызмат Манас шаарын жана Сузак районун камтып, калкка тез жана координацияланган өз учундагы медициналык жардамга жетүүнү жакшыртат. Система заманбап компьютердик жабдуулар, мобилдик түзмөктөр, үзгүлтүксүз электр камсыздоосу жана картография, аналитика менен интеграцияланган программалык камсыздоо менен жабдылган. Диспетчерлер жана фельдшерлер санарип инструменттер менен иштөө боюнча окутуудан өтүүдө, бул чакырууларга жооп кайтаруунун эффективдүүлүгүн жогорулатууга жана бригадалардын бейтапка жетүү убактысын, анын ичинде алыскы аймактарда да, кыскартууга жардам берет.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нургүл Аднаева системалуу мамиленин маанилүүлүгүн белгиледи.
“Биз үчүн мындай долбоорлор пилоттук деңгээлде гана калбашы керек. Тез жардамдын санариптешүүсү кызматкерлерди окутуудан баштап, туруктуу колдоого жана бардык керектүү материалдарды жергиликтүү деңгээлге тапшырууга чейин толук цикл катары ишке ашырылышы керек . Ошондо гана система чындап иштеп, бейтаптарга күн сайын пайда алып келет. Жаңы форматтагы диспетчерлик кызмат тез жооп кайтарууга жана бригадалардын өз ара координациясын жакшыртууга мүмкүндүк берет, ал эми биздин милдет — бул тажрыйбаны бүт өлкө боюнча масштабдоо”, – деди ал.
Белгилей кетсек, аталган долбоор Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Герман эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) колдоосу менен, тез жардам кызматын санариптештирүү боюнча кыргыз-герман долбоорунун алкагында ишке ашырылды.