Манас шаарында айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык схема аныкталды

Манас шаарында айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

 

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында президенттин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбору мекемесинин Жалал-Абад аймактык бөлүмүнүн кызмат адамдары тарабынан уюштурулган коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду.

 

Тактап айтканда, аталган мекеменин жооптуу кызмат адамдары жеке менчик авто мектептердин инструкторлору менен алдын ала сүйлөшүп алып, практикалык сынактарын тапшыруу үчүн окуучулардан системалуу түрдө акча чогултууну уюштурушканы аныкталган.

 

Схемага ылайык, авто мектептердин окуучулары акча каражаттарын (5000 сомдон 10 000 сомго чейин) ортомчу жарандарга өткөрүп беришкен. Алар өз кезегинде мекеменин кызматкерлери аркылуу сынактарды тапшырууда акча бергендердин оң баа алуусун камсыздашкан. Практикалык сынак тапшырган күнү 10дон 15ке чейинки окуучулар бул коррупциялык схемадан өтүшкөн, ал эми уюштуруучулардын мыйзамсыз кирешеси күн сайын 30 000 сомдон 50 000 сомго чейинки көрсөткүчтү түзгөн.

 

Үстүбүздөгү жылдын 10-октябрында козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган мамлекеттик мекеменин кызматкерлери жана алардын шериктери Б.М.М., Д.Т.А., С.Э.А. жана М.Б.А аттуу жарандар кезектеги пара алып жаткан жеринен кармалган.

 

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иликтөө иштери уланууда.

Связанный пост